Иракта ДЕАШ кол салды

Иракта террордук уюм ДЕАШ жасаган кол салууларда бирөөсү полковник болгон беш аскер каза болду.

2139112
Иракта ДЕАШ кол салды

Иракта террордук уюм ДЕАШ жасаган кол салууларда бирөөсү полковник болгон беш аскер каза болду.

Ирактын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Салахаддин шаарындагы аскердик пунктка террордук кол салуунун болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө кол салууда полковник Халид Начи Висак жана башка көптөгөн аскердин каза болгондугу билдирилди, бирок каза болгондорго байланыштуу так сан билдирилген жок.

Жергиликтүү телеканалга маалымат берген коопсуздук булактары : «Террордук уюм ДЕАШ тарабынан жасалган кол салууда полковник Висак да болгон 5 аскер каза болуп, кээ бирлери жараланды",- деп билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар