Нигерияда мина жарылды
Жарылуудан 7 жаран каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.
2136227
Нигериянын Борно штатында террордук уюм Боко Харам тарабынан жолго коюлган минанын жарылышынын натыйжасында 7 жаран каза болду.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Борно штатындагы Майдугури-Диква-Гамбору Нгала автожолуна террористтер койгон мина жүргүнчүлөрдү ташыган автобус өтүп баратканда жарылды.
Жарылуудан 7 жаран каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.
Нигерияда 2000-жылдардын баштарында түзүлгөн Боко Харамдын 2009-жылдан бери уланып келе жаткан кол салууларында он миңдеген адамдар каза тапты.
Уюм 2015-жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды уюштуруп келет.