Италияда саркынды сууларды тазалоочу ишканада кырсык
Кырсыктан 5 жумушчу көз жумуп, 1 жумушчу да оор жаракат алды.
2136243
Италиянын Сицилия аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу ишканада болгон кырсыкта 5 жумушчу каза таап, 1 жумушчу оор жаракат алды.
Кырсык Сицилия аймагындагы Палермодон 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Кастелдаксиядагы саркынды сууларды тазалоочу жайда болду.
Кырсыктан 5 жумушчу көз жумуп, 1 жумушчу да оор жаракат алды.
Кырсыктын себептери боюнча азырынча расмий билдирүү жарыялана элек.
Премьер-министр Жоржия Мелони: «Бул трагедия толук аныкталышы керек»,-деп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты жана дарыланып жаткан жумушчунун тез сакайып кетишин каалады.