Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары

ЕБ саммитинин тышкы байланыштар сессиясында талкууланган Жакынкы Чыгыш темасына байланыштуу жыйынтык декларациясы жарыяланды.

2129236
Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары

Европа Биримдиги (ЕБ) Израилге кол салганы үчүн Иранга каршы санкция киргизүү чечимин кабыл алды.

ЕБ саммитинин тышкы байланыштар сессиясында талкууланган Жакынкы Чыгыш темасы боюнча жыйынтык декларациясы жарыяланды.

Билдирүүдө 13-апрелде Израилге кол салуусу лидерлер тарабынан бир добуштан айыпталган Иранга каршы санкциялардын кеңейтилишине чечим чыгарылганы айтылды.

Ошондой эле Газадагы кризистин дароо ок атышпоо, туткундардын бошотулушу жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши менен токтотулушу керектиги эске салынды. Евробиримдиктин эки мамлекеттүү чечимге болгон чечкиндүүлүгү да баса белгиленди.

Ливандагы кырдаалга да токтолгон билдирүүдө, Евробиримдиктин бул өлкөгө күчтүү колдоосу дагы бир жолу кайталанды. Евробиримдиктин лидерлери сириялык качкындардын коопсуз, ыктыярдуу жана татыктуу түрдө өз өлкөлөрүнө кайтууларын колдой тургандыктарына басым жасашты.



Тектеш кабарлар