Toshiba 5 миң адамды жумуштан чыгарат

Toshiba реструктуризациялоо жолу менен персоналынын санын кыскартууну пландап жатат.

2128978
Toshiba 5 миң адамды жумуштан чыгарат

Япониянын электроника өндүрүүчүсү Toshiba 5 миң кызматкерин жумуштан бошотот.

Киодо агенттигинин, компаниянын булактарына таянып жазган кабарына караганда, Toshiba реструктуризациялоо жолу менен персоналынын санын кыскартууну пландап жатат.

Өз ресурстарын инфраструктура, энергетика жана санариптештирүү сыяктуу өсүү тармактарына багыттоону пландаштырган Toshiba өлкөдөгү 5 миң кызматкерин жумуштан кетирүүнү чечти.

Япон компаниясы май айынын башында эмгек жамааты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар бир бизнес бирдигинде канча орун кыскарарын аныктайт.

Эмгек келишими токтотула турган кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн администрация жана бэк-офис кызматкерлери түзөт жана «өз ыктыяры менен пенсияга чыгуу» сунуштарына артыкчылык берилет.

2023-жылдын мартына карата компаниянын өлкөдө болжол менен 67 миң кызматкери бар. Кызматтан бошотула тургандар, кызматкерлердин жалпы санынын 7 пайызына туура келет.

Toshiba 2023-жылдын декабрь айында аяктаган 9 айлык мезгилде компанияларынын начар иштешинен улам 107 миллиард иен (691 миллион доллар) жоготуу болгонун билдирген. 



Тектеш кабарлар