Telegram негиздөөчүсү Дуров Орусияда сөз эркиндигинин жоктугуна нааразы болду

Белгилүү америкалык журналист, Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маегинде Дуров башка байланыш каналын түзүү идеясы жөнүндө айтып берди.

2128990
Telegram негиздөөчүсү Дуров Орусияда сөз эркиндигинин жоктугуна нааразы болду

Орус кабарлашуу кызматынын Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров бул кызматты Орусиядагы байланыш эркиндигиндеги ажырымды жоюу үчүн түзүшкөнүн айтты.

Белгилүү америкалык журналист, Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маегинде Дуров башка байланыш каналын түзүү идеясы өзү негиздеген ВКонтакте социалдык тармагынын кеңсесин күч органдары тинтүүгө алгандан кийин жаралганын айтты. Телеграмды орус администрациясы көзөмөлдөйт деген дооматтарды четке какты.

Дуров күнүмдүк 2,5 миллион колдонуучусу бар Telegramдын популярдуулугу атаандаштарына жакпаганын, бул негизсиз дооматтардын да ушул себептен улам көтөрүлгөнүн айтты.

Дуров Telegramдын башкы кеңсесинин Дубайда болушун бул жерде бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги, салыктын аздыгы, өнүккөн инфраструктурасы жана өкмөттүн басымдын жоктугу менен байланыштырды; Ал Берлин, Лондон, Сингапур жана Сан-Франциско сыяктуу альтернативалар алдын ала каралып, акырында Дубай чечими кабыл алынганын айтты.

Telegramдын негиздөөчүсү АКШнын атайын кызматтарынын долбоорго кызыгуусун жактырбай турганын жана анын кызматкерлерине АКШдан байкоо жүргүзүү жана тыңчылык сунуштары түшкөнүн кошумчалады. Дуров АКШдагы терс тажрыйбасынан кийин жана Сан-Францискодо каракчылык аракетине кабылгандан кийин «негизги геосаясий актерлор» деп эсептелген өлкөлөрдө жашабоону чечкенин айтты.

Дуров ошондой эле Telegram саясий жактан нейтралдуу платформа экенин баса белгиледи. Дуров Apple жана Google компанияларынын гегемониясын сындап, мындай корпорациялар колдонуучулардын мазмунуна, анын ичинде жеке маалыматтарга толук жете аларын эскертти. Бирок Дуров Илон Маск тууралуу оң пикирлерин айтып, аны инноватор жана «сөз эркиндигин жактайт» деп атады.



Тектеш кабарлар