Мицотакис : "Бири Эгейде экинчиси  Иония деңизинде болгон эки жаңы чоң улуттук деңиз паркын курабыз

Грециянын премьер - министри Кириакос Мицотакис Түркиянын каршылык көрсөткөнүнө  карабастан бири Эгейде жана экинчиси Иония деңизинде болгон эки деңиз паркынын жарыялана турганын дагы бир жолу кайталады.

2128771
Мицотакис : "Бири Эгейде экинчиси  Иония деңизинде болгон эки жаңы чоң улуттук деңиз паркын курабыз

Грециянын премьер - министри Кириакос Мицотакис Түркиянын каршылык көрсөткөнүнө  карабастан бири Эгейде жана экинчиси Иония деңизинде болгон эки деңиз паркынын жарыялана турганын дагы бир жолу кайталады.

Борбор шаар Афинада өткөрүлгөн, деңиз экономикасы, климаттык кризис, улантууга боло турган балыкчылык, деңиздин булганышы сыяктуу темалар каралган конференцияда сөз сүйлөгөн Кириакос  Мицотакис  экология жана деңиздердин коргоого алынышынын маанисине токтолду. 

Мицотакис : "Бирөөсү Эгейде экинчиси  Иония деңизинде болгон эки жаңы чоң улуттук деңиз паркын курабыз",- деди. 

Бул парктардын Грециянын коргоого алынган деңиз аймактарын 80 пайызга көбөйтө турганын жана Грециянын аймактык сууларынын үчтөн бирин түзөрүн белгилеген Мицотакис 2026 - жылга чейин деңиз парктарында, 2030-жылга чейин бардык коргоого алынган деңиз аймактарында траулер менен аңчылык кылууга тыюу салынарын белгиледи.

Мицотакис, бул тыюу салуулардын аткарылышы үчүн аймакта учкучсуз учуучу аппараттар жана жасалма интеллект сыяктуу технологиялык куралдар менен текшерүүлөрдүн жүргүзүлө турганын да белгиледи.

Деңиз паркы маселеси Грецияда буга чейин да күн тартибине келген.

Тышкы иштер министрлигинин 9 - апрелдеги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Грециянын тышкы иштер министрлигинин бири Эгей деңизинде, экинчиси Иония деңизинде эки жаңы деңиз паркын жарыялай турганына көңүл бурулуп : "Грецияга Эгей маселелерин жана эгемендигин эл аралык келишимдер менен Грецияга өткөрүлбөгөн айрым арал, аралчалар жана аскалардын статусуна байланыштуу маселелерди өз күн тартибинин алкагында колдонбоону сунуш кылабыз»,-деп айтылган.

 



Тектеш кабарлар