Хорватиядагы шайлоо

Хорватиялык шайлоочулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө өлкөнүн бүтүндөй жана чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо борборлорунда добуш бере башташты.

2128633
Хорватиядагы шайлоо

Хорватиядагы шайлоочулар парламенттик шайлоо үчүн добуш беришүүдө.

Хорватиялык шайлоочулар өлкөнүн жалпысында жана чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо борборлорунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00ден тарта добуш бере башташты.

151 орундуу улуттук парламентке кирүү үчүн 2302 талапкер ат салышкан шайлоодо добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00да аяктайт.

Шайлоо алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, жарышта бийликтеги оң-борборчул партия Хорватиянын Демократиялык биримдиги (HDZ) алдыда келе жатат.

Шайлоонун алгачкы расмий эмес жыйынтыгынын түн жарымына жакын жарыяланышы күтүлүүдө.

Евробиримдиктин (ЕБ) эң жаш мүчөсү Хорватияда жалпы шайлоолор 4 жылда бир өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар