Йеллен Иранга каршы жаңы санкциялар тууралуу эскертти

Ирандын аракеттеринин аймактын ырааттуулугун коркунучка салганын баса белгилеп, мунун экономикалык таасирлери болушу мүмкүн экенин билдирди.

2128717
Йеллен Иранга каршы жаңы санкциялар тууралуу эскертти

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен, Израилге кол салуусунан кийин Иранга жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен Дүйнөлүк Банктын Жазгы жыйындарынын алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйынында, Ирандын Израилге кол салуусуна токтолгон Жанет Йеллен: «Казына, Иран режиминин кара ниеттүү жана туруксуздукка алып келген иш-аракеттерин үзгүлтүккө учуратууну улантуу максатында санкциялык укуктарды колдонуу үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешүүдөн тартынбайт»,-деп айтты.

Йеллен өткөн апта соңундагы кол салуулардан Кызыл деңиздеги хуситтердин кол салууларына чейин Ирандын аракеттеринин аймактын ырааттуулугун коркунучка салганын баса белгилеп, мунун экономикалык таасирлери болушу мүмкүн экенин билдирди.

Кагылышуунун кеңири аймактык жана глобалдык окуяга айланбашы үчүн көзөмөлгө алынышы керектигин айткан Йеллен, Жакынкы Чыгыштагы кээ бир өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизгенин кабарлады.

Жанет Йеллен алдыдагы күндөрдө Иранга каршы кошумча санкциялардын киргизилишин күткөнүн айтты.

Ирандын мунай экспорттоо мүмкүнчүлүгүн азайтууга аракет кылгандарын, бирок Ирандын мунай экспортун улантып жатканын баса белгилеген Йеллен, бул темада жасала турчу дагы көп нерсенин болушу мүмкүн экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар