Грецияда жумушчулар 24 саатттык иш таштоого чыгышты

Грециянын профсоюздар конфедерациясынын (GSEE) чакырыгы менен бүткүл өлкө  боюнча жумушчулар экономикалык шарттарды жакшыртууну талап кылышты.

2129029
Грецияда жумушчулар 24 саатттык иш таштоого чыгышты

Грециянын профсоюздар конфедерациясынын (GSEE) чакырыгы менен бүткүл өлкө  боюнча жумушчулар экономикалык шарттарды жакшыртууну талап кылып, 24 сааттык иш таштоого чыгышты.

Грециянын профсоюздар конфедерациясынын жасаган билдирүүсүндө жашоонун кымбаттап баратканына көңүл буруп, жумушчулардын айлык акысын жогорулатууну жана экономикалык кризис учурунда жокко чыгарылган жамааттык келишимдерди жаңыртууну талап кылды.

Грециянын профсоюздар конфедерациясынын чакыруусу менен жалпы өлкөдөгү 24 сааттык иш таштоонун негизинде метро, трамвай жана шаар четиндеги поезд сыяктуу коомдук транспорттор кызмат көрсөткөн жок. Деңиз транспорту да үзгүлтүккө учурады. Автобустар белгилүү сааттарда гана иштөө чечимин чыгарды. 

Иш таштоонун алкагында жумушчулар борбор шаар Афинада акция уюштурушту. Митингде жумушчулар айлык акыны жогорулатуу, жамааттык келишим түзүү сыяктуу талаптарын айтып, парламент имаратына  карай жүрүштү.

Нааразычылык акция жүрүшүндө Израилдин палестиналыктарга карата кол салууларына каршылык көрсөтүлдү. Митингчилер колдорунда Палестина желектери менен "Палестинага эркиндик" деген ураандар менен жүрүштү.

 

 

 



Тектеш кабарлар