Зеленский Израиль сыяктуу Украинаны да коргоого болоорун айтты

Зеленский өзүнүн Telegram-каналында: «Союздаштардын чечкиндүү аракеттери терроризмдин ийгиликке жетишине жана инфраструктуранын талкаланышына бөгөт коюп, кол салуучуну тынчтандырды. Украинаны терроризмден коргоо үчүн да ушундай кылса болот»,- деп жазды.

2128325
Зеленский Израиль сыяктуу Украинаны да коргоого болоорун айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Израилдин союздаштарынын ийгиликтүү биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Ирандын тынчып калганын жана Израилдин инфраструктурасын жок кылуу мүмкүнчүлүгүн таба албаганын айтты.

Зеленский өзүнүн Telegram-каналында: «Союздаштардын чечкиндүү аракеттери терроризмдин ийгиликке жетишине жана инфраструктуранын талкаланышына бөгөт коюп, кол салуучуну тынчтандырды. Украинаны терроризмден коргоо үчүн да ушундай кылса болот»,- деп жазды.

Зеленский Батыш өлкөлөрүнүн Израилди Ирандын чабуулунан коргогондой эле Украинаны да коргой аларын айтты. Украин лидери ошондой эле өлкөлөрдү коргоо үчүн "(НАТОнун 5-беренесине) кайрылуунун кереги жок, саясий эркти көрсөтүү жетиштүү" деп билдирди.

Президент Украинанын да Израиль сыяктуу НАТОнун мүчөсү эмес экенин белгилеп, "Украинанын муну түшүнгөн жана аба калканын бекемдөө чакырыктарына тез арада жооп берген досторуна" ыраазычылык билдирди.

Зеленский: «Эркин дүйнө Израилди коргоо менен мындай тилектештиктин абдан натыйжалуу экенин көрсөттү» деди.



Тектеш кабарлар