Иззет ер  -  Ришк Хамастын ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими боюнча позициясына баа берди

Хамас кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Иззет ер  -  Ришк Израилдин Газадан толугу менен чыгышы жана жер которгондордун эркин түрдө кайтуулары тууралуу мунасанын жок экендигин айтты.

2128317

Иззет ер  -  Ришк берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Хамастын ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими боюнча позициясына баа берди.

Иззет ер - Ришк : «Газадан оккупациянын толук чыгарылышы жана жер которгондордун Газа тилкесиндеги аймактарына эркин кайтуулары боюнча эч кандай мунаса жок»,-деди.

Газада туруктуу ок атышпоонун маанисин баса белгилеген Ришк буларды айтты : «Элибиздин коргоого алынышы, төгүлгөн кандын жана кыргындардын токтотушунун бир гана кепилдиги туруктуу ок атышпоо. Оккупанттар убактылуу ок атышпоо келишимин каалап жатат. Ушундайча Газадагы туткундарын чыгарат, андан кийин Газа тилкесиндеги кыргынды жана согушту кайрадан улантат».

Ришк оккупациялык күчтөрдүн Газада  6 айдан ашуун убакыттан бери кандайдыр бир жеңиштин сөз болбогонуна көңүлдөрдү буруп,  жарандардын бутага алынышы жана шаардагы турмушка байланыштуу көрүнүштөрдүн бир жеңиштин эмес, жеңилүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи.

Дүйнөдөгү Израилдин дүйнөдөгү кабылдоосуна баа берген Ришк: «Израиль эми кааланбаган абалда, дүйнөлүк коомдук пикир элибизди колдоп жатат»,- деди.

Израилдин Газа тилкесинде  7 -  октябрдан бери келе жаткан кол салулуарында көпчүлүгү балдар болгон  34 миңге жакын жаран каза болду.

Тектеш кабарлар