Иран «дароо жооп кайтараарын» жарыялады

Жарым расмий Тесним маалымат агенттигинин маалыматы боюнча Абдуллахахаян Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2128303
Иран «дароо жооп кайтараарын» жарыялады

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян Израилдин ыктымал кол салуусуна «дароо», «күчтүү» жана «дагы кеңири» жооп кайтара тургандарын айтты.

Жарым расмий Тесним маалымат агенттигинин маалыматы боюнча Абдуллахахаян Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Абдуллахиян кесиптешине Ирандын дем алыш күнкү Израилге чабуул коюусунун «өзүн-өзү коргоо» алкагында жасалганын айтып, аймактагы кризистердин түбүндө Израилдин кыйратуучу саясаттары турганын белгиледи.

Израилдин Газада он миңдеген жайкын тургундардын өмүрүн алган кол салуусуна Британиянын колдоосун сындаган Абдуллахиян : «Акыркы алты айда Газанын эзилген калкына жүз миңдеген тонна бомба ташталганына карабастан, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо максатында дипломатиялык жайларга Израилдин режиминин жапайы чабуулуна Ирандын реакциясына Улуу Британиянын тынчсыздануусу таң калыштуу», - деди.

Ирандын тышкы иштер министри Тель-Авивдин Иран аймагына ыктымал чабуулу тууралуу: «Иран аймакта чыңалуунун күчөшүн каалабайт, бирок Израиль режими авантюра издесе, биздин кийинки жооп кайтаруубуз дароо, күчтүүрөөк жана кеңири болот»,- деп айтты.

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Ирандын консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүшчү сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган. Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирген.

Иран 13-апрелде жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге кол салган.

Иран кээ бир буталарга сокку урулганын, Израиль болсо чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN Иранга каршы «Иранды көзөмөлдөөгө, анын жооп кайтаруусуна бөгөт коюуга жана аймакты кеңири согушка сүйрөөсүнө жол бербей турган «чектелген чабуул» пландалып жатканын» жарыялаган.



Тектеш кабарлар