НАТО Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтпөөгө жана сабырдуулукка чакырды

НАТОнун басма сөз катчысы Фарах Дахлаллах, X эсебинде жасаган билдирүүсүндө, «Альянс Ирандын мурунку түнү чыңалууну күчөткөнүн айыптайт жана сабырдуулукка чакырат» деп билдирди.

2127778
НАТО Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтпөөгө жана сабырдуулукка чакырды

НАТО «Ирандын Израилге кол салуулары менен Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүшүн» айыптап, сабырдуулукка чакырды.

НАТОнун басма сөз катчысы Фарах Дахлаллах, X эсебинде жасаган билдирүүсүндө, «Альянс Ирандын мурунку түнү чыңалууну күчөткөнүн айыптайт жана сабырдуулукка чакырат» деп билдирди.

НАТОнун окуяларды жакындан байкап жатканын белгилеген Дахлаллах: «Жакынкы Чыгыштагы кагылышуунун көзөмөлдөн чыкпашы өтө маанилүү»,-деди.

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Ирандын консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүшчү сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирди.

Мурунку түнү Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге чабуул коюп, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын жарыялады.

Израиль чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар