Израилде өкмөткө каршы демонстрациялар...

Израилде Нетаньяху өкмөтүнө каршы жумалык нааразылык акциялары ушул аптада да уланды.

2127480
Израилде өкмөткө каршы демонстрациялар...

Израилде миңдеген адамдар премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун өкмөтүн отставкага кетирүү, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана израилдик туткундарды үйлөрүнө кайтаруу талаптарын кайталашты.

Израилде Нетаньяху өкмөтүнө каршы жумалык нааразылык акциялары ушул аптада да уланды.

Өкмөткө каршы топтор Газадагы согушка жана туткундардын кайтарылышына карата саясий эрктин кайдыгерлигин сынга алып, өлкөнүн тарыхындагы «эң оңчул өкмөттүн» кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылган нааразылык акцияларын жаңыртты.

Демонстрациялар Тель-Авив, Хайфа жана Бирессебиден (Бершева) тышкары өлкөнүн ар кайсы аймактарында, ошондой эле Нетаньяхунун резиденциясы жайгашкан түндүктөгү Кесария шаарында жана Батыш Кудста өттү.

Миңдеген израилдик кечинде чогулган борбор шаар Тель-Авивде Нетаньяху өкмөтүнүн сот эрежелерине каршы чыккан демонстрациялардын символу болуп калган митингдердин борбору полиция тарабынан темир тосмолор менен жабылган Каплан көчөсү болду.

Өкмөткө каршы демонстрациялар менен бир убакта Менахем Бегин көчөсүндөгү Коргоо министрлигинин алдында Газадагы израилдик туткундардын кайтарылышын талап кылган дагы бир демонстрация өткөрүлдү.

Демонстранттар туткундарды мүмкүн болушунча тезирээк үйлөрүнө кайтууга чакырып, Нетаньяху өкмөтүн айыптаган ураандарды чакырып жатышты.



Тектеш кабарлар