Жер Ортолук деңизинде бир күндө эки кырсык

Лампедуза аралынан 30 миль түштүк-чыгышта 10-апрелде кичинекей кайыктын чөгүшүнөн тышкары, ошол эле күнү бир нече саат мурун дагы бир мигранттардын кайыгынын кырсыкка учураганы белгилүү болду.

2127193
Жер Ортолук деңизинде бир күндө эки кырсык

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык миграция уюму 10-апрелде Жер Ортолук деңизинде мигранттардын кайыгында эки башка кырсык болгонун билдирди.

Лампедуза аралынан 30 миль түштүк-чыгышта 10-апрелде кичинекей кайыктын чөгүшүнөн тышкары, ошол эле күнү бир нече саат мурун дагы бир мигранттардын кайыгынын кырсыкка учураганы белгилүү болду.

Эл аралык миграция уюмунун Жер Ортолук деңиз координациялык кеңсесинин басма сөз катчысы Флавио Ди Жакомо X платформасындагы билдирүүсүндө: «Эки күн мурун 9 адам каза болуп, 15 адам дайынсыз жоголгон кайык кырсыгынан тышкары, андан бир нече саат мурун дагы бир кайыктын чөгүп кеткени аныкталды: ал кайыктан да 45 адам дайынсыз»,-деп айтты.

Флавио Ди Жакомо эки кайыктын тең темирден жасалганын жана Тунистен жолго чыкканын маалымдады.

Италиянын Жээк коопсуздук командирлигинин 11-апрелдеги билдирүүсүндө, 10-апрелде чөгүп кеткен кичинекей кайыктан 22 кишинин куткарылганы, 9 кишинин жансыз денесинин чыгарылганы белгиленген.

Куткарылгандар кайыкта дагы 15 адамдын болгонун жана алардын дайынсыз экенин билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, Борбордук Жер Ортолук деңизде жыл башынан 10-апрелге чейин 413 мигрант дайынсыз жоголду.



Тектеш кабарлар