Газадагы абал

Израилдин Газага 190 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2127323
Газадагы абал

Израиль армиясы Газа тилкесинде элди ачка жана суусуз калтырып жардамдардын киришине тоскоол болуп гуманитардык апаатка себепкер болгон кол салууларында акыркы 10 күндө 649 палестиналыкты өлтүрдү.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 190 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта дагы 52 палестиналыкты өлтүргөнү, Газада набыт болгондордун санынын акыркы 10 күндө 649 кишинин каза табышы менен 33 миң 686га жеткени белгиленди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 95 палестиналыкты жарадар кылганы, жалпы жаралуулардын санынын 76 миң 309га жеткени кабарланды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израиль армиясынын Орозо айт майрамында 3 күндүн ичинде абадан, кургактан жана деңизден кол салууларында көбү балдар жана аялдардан турган 274 палестиналык каза болуп, 221 киши жараланды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар