Израилдин премьер - министри : "Рафахка кол салуу үчүн күн белгиленди"

Нетаньяху Х социалдык медиа эсебинен Израилдин Газада адамзаттык апаатка жол ачкан кол салууларына байланыштуу билдирди.

2126233
Израилдин премьер  -  министри : "Рафахка кол салуу үчүн күн белгиленди"

Израилдин премьер  -  министри Беньямин Нетаньяху өлкөсүнүн кол салууларынан качкан  1,5  миллион палестиналык баш калкалаган түштүктөгү Рафахка карата кургактыктан кол салуулар үчүн күндүн белгиленгендигин айтты.

Нетаньяху Х социалдык медиа эсебинен Израилдин Газада адамзаттык апаатка жол ачкан кол салууларына байланыштуу билдирди.

Газадагы туткундардын бошотулушу жана «Хамаска каршы жеңишти» максат кылгандарын белгилеген Нетаньяху бул үчүн да Рафахка кол салуунун керек экендигин ортого салды.

Нетаньяху, Израилдин кол салууларынан жер которгон 1,5 миллион киши баш калкалаган Рафахка кургактыктан жасалган кол салууга байланыштуу : «Бул болот, күн белгиленди»,- деди.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант кечээ армиянын артында чоң кыйроо калтырган Газанын түштүгүндөгү Хан Юнустан түштүктөгү Рафахка кол салуу үчүн даярдануу максатында чегингенин билдирген.

 



Тектеш кабарлар