БУУ : "Газадагы абал бир апаат"

БУУнун оккупацияланган Палестина жерине гуманитардык жардам координатору Жейми МакГолдрик жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин кол салууларынын астында Газадагы гуманитардык абалга баа берди.

2125791
БУУ : "Газадагы абал бир апаат"

Бириккен Улуттар Уюму  Израилдин кол салуусу астында  Газадагы абалды  "бир апаат" деп жарыялады.

БУУнун оккупацияланган Палестина жерине гуманитардык жардам координатору Жейми МакГолдрик жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин кол салууларынын астында Газадагы гуманитардык абалга баа берди.

Газа калкынын жарымынын ыктымалдуу ачарчылык коркунучу алдында турганын белгилеген МакГолдрик, Газадагы балдардын арасындагы жетишсиз тамактануу көйгөйүнүн эң жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

Эл аралык коомчулуктун 20236 -  жыл  7 -  октябрдан бери "ойго келбеген азап менен" күрөшүп жаткан Газа калкына жардамдарды арттырууга даяр экендигин айткан МакГолдрик бирок бул үчүн Израилдин гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз жана коопсуз киришине уруксат бериши керектигин айтты.

МакГолдрик өзгөчө Израилдин аймакка бара турган гуманитардык жардамдарга жеңилдик  көрсөтүү боюнча убадаларын канааттандырарлык деп жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус 3 - апрелдеги билдирүүсүндө 2023-жылдын октябрынан бери Газада 27 баланын тамак - аштын жетишсиздигинен  каза болгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар