Сомалидеги жардыруудан 2 киши каза болду, алардын бири түрк

Баш калаа Могадишодо жардам кызматкерлерине каршы бомбалуу кол салуу болду.

2124967
Сомалидеги жардыруудан 2 киши каза болду, алардын бири түрк

Сомалиде гуманитардык жардам кызматкерлерин ташыган унаа өтүп баратканда жол боюна коюлган бомба жарылып, бири түрк жараны болгон эки киши каза болду.

Баш калаа Могадишодо жардам кызматкерлерине каршы бомбалуу кол салуу болду.

Жол боюна коюлган бомбанын жарылышынын натыйжасында бири түрк жараны болгон 2 гуманитардык жардам кызматкери каза болуп, 4 киши жараланды.

Кол салууга байланыштуу иликтөө иштери уланып жатканда кол салууну террордук уюм Эш-Шабаб жасаганы болжолдонууда.

Сомалиде жардам иштерин жүргүзгөн Сафа фондунун өкүлү Рыдван Йылмаз жардыруунун жардам иштери учурунда болгонун айтты.

Йылмаз: «Качкындар лагеринде жардам иштерин жүргүзүп жатканбыз жана башка унаабыз келе жатканда жарылуу болду»,-деди.



Тектеш кабарлар