Израилдик аскер Орусиядан депортацияланды

Ланцман депортацияланып, Орусияга кирүүгө тыюу салынды.

2124843
Израилдик аскер Орусиядан депортацияланды

Орусия Украина армиясына кошулууга аракет кылган Израиль армиясынын мурдагы мүчөсүнүн Краснодар аймагында колго түшкөнүн кабарлады.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) билдирүүсүнө караганда, Израилдин жараны Ювал Ланцман өлкөнүн Украина чек арасына жакын Краснодар аймагында кылмыш жасайын деп жаткан жеринен кармалды.

Билдирүүдө Ланцмандын Орусияга каршы кагылышууларга катышуу үчүн Украина армиясына кошулууга аракет кылганы жана бул адамдын Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) мурдагы мүчөсү экени белгиленди.

Ланцман депортацияланып, Орусияга кирүүгө тыюу салынды.



Тектеш кабарлар