АКШлык мусулмандар Байденге Газа тууралуу кат жиберди

АКШлык мусулмандардын Байден башкаруусунун Газа саясаттарына карата реакциясы күч алууда.

2124667
АКШлык мусулмандар Байденге Газа тууралуу кат жиберди

АКШнын Газа саясатын сынга алган  АКШдагы 80 мусулман бейөкмөт уюму президент Жо Байденден өлкөсүнүн Газа тууралуу так саясатын өзгөртүүсүн талап кылды. 

АКШлык мусулмандардын Байден башкаруусунун Газа саясаттарына карата реакциясы күч алууда. 

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында түзүлгөн 80 мусулман бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү Байденге кат жиберип, Израилге жаңы курал сатуунун токтотулушун талап кылышты.

Араларында  америкалык арабдар, палестиналыктар жана аларды колдогон түрдүү бейөкмөт уюмдарды камтыган уюм катта  Израилдин Газада себеп болгон кризиске байланыштуу АКШ мыйзамдарына ылайык иш кылбаганын жана жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Катта : "Башкарууңуз коомчулукка ачык платформаларда Израилди Рафахка кол салуудан баш тарттырууга аракет кылууда бирок негизинен Израилдин Рафахта башка бир этникалык тазалоону ишке ашырышына жашыл жарык жагууда",- деген жетекчилер АКШны так кадамдарды таштоого чакырды. 

"АКШ калкы эли риториканын өзгөрүшүн каалабайт, алар так саясатты өзгөртүүнү талап кылууда",- деп айтылган катта Газа тууралуу АКШ башкаруусунун дагы жакшы бир сынактан өтүшү керектиги белгиленди. 

Мусулман топтордун өкүлдөрү мурдагы күнү кечинде Ак үйдө уюштурулган ифтарга барбай Байденге каршылык көрсөтүшкөн.

 



Тектеш кабарлар