Байден Си менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эки лидер армиялар ортосундагы кызматташтык, баңгизат менен күрөшүү, жасалма интеллект менен байланышкан маселелер жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн темаларды талкуулашты.

2124173
Байден Си менен телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки тараптуу сооданы, Тайван кысыгы жана Түштүк Кытай деңизи сыяктуу аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден менен Си телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки лидер армиялар ортосундагы кызматташтык, баңгизат менен күрөшүү, жасалма интеллект менен байланышкан маселелер жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн темаларды талкуулашты.

Байден Си Цзиньпинге Тайвань кысыгында тынчтык жана ырааттуулуктун маанилүүлүгүн эске салуу менен бирге Түштүк Кытай деңизинде эркин навигация жана мыйзам үстөмдүгүнүн корголушу керектигин да белгиледи.

Байден Кытайдын Орусиянын коргонуу өнөр жай инфраструктурасына кошкон салымы жана анын Европа менен трансатлантикалык коопсуздукка тийгизген терс таасирине тынчсыздануусун билдирди.

Байден ошондой эле АКШ менен Кытайдын ортосундагы коммерциялык атаандаштыкта ​​Пекин тарабынан ишке ашырылган деп ырастаган «адилетсиз соода практикасын» ортого салды жана бул АКШнын жумушчулары менен дыйкандарына зыян тийгизгенин айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Байдендин талабы менен болгон сүйлөшүүдө эки лидер «Кытай-АКШ карым-катнаштары жана орток кызыкчылык темалары» темасында пикир алмашышты.

Тайвань маселесинин Кытай-АКШ карым-катнаштарынын өтпөшү керек болгон «биринчи кызыл сызыгы» экенин баса белгилеген Си: «Тайвандын көз карандысыздыгын көздөгөн жикчил аракеттер жана алардын тышкы кубаттоосу жана колдоосу алдында колубуз байланган абалда күтө албайбыз»,-деп билдирди.

АКШнын санкция тизмесине күн сайын дагы көп кытай фирмасын кошуп жатканын белгилеген Кытай лидери: «Бул тобокелдиктерди жок кылуу эмес, бирок жаңы тобокелдиктерди жаратат»,-деди.

Си менен Байден Украина кризиси жана Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Телефондогу сүйлөшүүдө Кытай лидери ошондой эле Гонконг, адам укуктары, Түштүк Кытай деңизи жана башка маселелер боюнча өлкөсүнүн позициясын билдирди.



Тектеш кабарлар