Индияда болгон бороон жана сел

Индиянын Батыш Бенгалия штатында болгон катуу бороондо 5 киши каза болуп, 100 киши жаракат алды.

2123494
Индияда болгон бороон жана сел

Индиянын Батыш Бенгалия штатында болгон катуу бороондо 5 киши каза болуп, 100 киши жаракат алды.

Батыш Бенгалия штатынын Жалпайгури аймагында кечээ катуу болгон бороон жана мөндүр абдан  таасирдүү болду.

Бороон кеминде 800 үйгө зыян келтирип, бак-дарактар ​​менен электр мамыларын кулатты.

Батыш Бенгалиянын премьер  - министри Мамата Банерджи бороондон 5 кишинин каза болгонун, кеминде 100 кишинин жараланганын билдирди.

Куткаруу иштерин жүргүзүү жана жардам берүү үчүн аймакка полиция, райондук администрация, апаат башкаруу жана ыкчам жооп берүү топторунун жиберилгенин белгилеген Банерджи апааттан жабыркагандардын коопсуз жерлерге жиберилгенин айтты.

Индиянын премьер - министри Нарендра Моди каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, табигый кырсыктан жапа чеккендерге керектүү жардам көрсөтүүнү бийликке тапшырды.

 



Тектеш кабарлар