Израиль аскерлери Шифа ооруканасын толугу менен талкалап чыгып кетишти

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясына караштуу күчтөрдүн, Шифа ооруканасы жана айланасындагы конуштардан толугу менен чегинип, Газа шаарынын түштүк батышындагы Тел эл-Хева районунун түштүгүнө жылганын билдиришти.

2123046
Израиль аскерлери Шифа ооруканасын толугу менен талкалап чыгып кетишти

Израиль аскерлери, Газа тилкесинин эң чоң саламаттыкты сактоо комплекси Шифа ооруканасын басып алгандан 14 күндөн кийин толугу менен талкалап, артында ондогон өлүктөрдү калтырып чыгып кетишти.

Окуяга күбө болгондор Израиль армиясына караштуу күчтөрдүн, Шифа ооруканасы жана айланасындагы конуштардан толугу менен чегинип, Газа шаарынын түштүк батышындагы Тел эл-Хева районунун түштүгүнө жылганын билдиришти.

Израиль күчтөрүнүн чегинүүдөн мурда Шифа ооруканасынын бардык имараттарын өрттөп, бардык медициналык каражаттарды талкалаганын жана оорукананы толугу менен жараксыз кылганын айткан күбөлөр, Шифа ооруканасында жана айланасындагы көчөлөрдө ондогон сөктөрдүн бар экенин маалымдашты.

Күбөлөр армиянын палестиналыктар Шифа ооруканасында салган убактылуу көрүстөндү талкалаганын, сөөктөрдү чыгарып оорукананын ар кайсы жерлерине ыргытканын айтышты.

Палестинанын саламаттыкты сактоо кызматкерлери да оорукананын толугу менен иштебей калганын жана азыркы мезгилде кайрадан ишке киришүүнүн кыйын экенин билдиришти.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери, армиянын ооруканадагы бардык медициналык жабдууларды, операция жана реанимация бөлмөлөрүн жок кылганын кабарлады.

Израиль күчтөрү Газа тилкесинин эң чоң саламаттык сактоо комплекси Шифа ооруканасын басып алгандан 10 күндөн кийин 24-ноябрда да оорукананын кээ бир жерлерин талкалап чыгып кетишкен.



Тектеш кабарлар