Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен чакыруу

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка эл аралык мекемелерге жана коомго Насер ооруканасын жандандыруу талап кылынды.

2123271
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен чакыруу

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларынан улам иштебей калган Хан Юнустагы Насер ооруканасын кайра иштетүүгө чакырды.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка эл аралык мекемелерге жана коомго Насер ооруканасын жандандыруу жана саламаттыкты сактоо мекемелерин коргоо үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүсү талап кылынды.

Билдирүүдө, «Насер ооруканасынын жабылышы эң төмөнкү деңгээлге түшкөн саламаттыкты сактоо кызматтарына оор сокку болду. Бейтаптар дарылана алышпай калды»,делди.

Израиль армиясы 15-февралда узак убакыт курчоодо кармап келген Хан-Юнустагы Насер ооруканасын колдонуудан чыгарды.

Акыры 24-мартта Израиль аскерлери кайрадан курчоого алган ооруканага чабуул жасап, жер которгон көптөгөн палестиналыктарды жана медициналык кызматкерлерди кармашты.

Израиль армиясынын Насер ооруканасы жана анын айланасына жасаган зомбулук кол салууларында каза болгондор жана жаралангандар болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бир билдирүүсүндө жер которгон палестиналыктарды ооруканаларды эвакуациялоого чакырды.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларынан качкан он миңдеген жер которгон палестиналыктардын баш калкалоочу жай тапкан ооруканаларында жык толгондугу, бөлүмдөр жана керебеттер болгондуктан саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүгө орун калбаганы белгиленип, «Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык адистер өмүрдү сактап калуучу кызматтарды жана дарылоону камсыздай алышы үчүн бардыгына ооруканаларды эвакуациялоону сунуштайт, ооруканаларды оорулуулар жана жабыркагандар үчүн гана бөлүштүрүүнү талап кылат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар