Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр: 8 адам каза болду

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын айрым аймактарында катуу жааган жамгырдан улам үйлөрдүн чатырлары кулап, сел жүрүп, айрым жолдор жабылды.

2122560
Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр: 8 адам каза болду

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында катуу жааган жамгырдан 8 киши каза болуп, 12 киши жаракат алды.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын айрым аймактарында катуу жааган жамгырдан улам үйлөрдүн чатырлары кулап, сел жүрүп, айрым жолдор жабылды.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана башка окуяларда көбү балдардан турган 8 адам каза болду.

Облус аймагында сел жүрүп, үйдүн чатыры кулап, 12 адам жабыркады жана 2 баланы сел агызып кетти.

Каза болгондордун үчөө бир үй-бүлөдөн 3 жаштан 7 жашка чейинки бир туугандар экени маалымдалган.

Жооптуу кызматкерлер аймактагы кээ бир жолдор коопсуздук чараларынан улам жабылганын жарыялады.

Хайбер-Пахтунхва провинциясында 2-мартта да нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кээ бир үйлөрдүн чатырлары кулап, кээ бир үйлөр жер көчкүдөн улам жер астында калып, 30га жакын адам каза болгон.



Тектеш кабарлар