Нью - Йоркто Байденге Газа тууралуу нааразычылык билдирилди

25 миллион доллар чогултуу максатында Демократ партиясы уюштурган багыш кечесине катышкан Байден менен бирге ага колдоо көрсөткөн мурдагы президенттерден Барак Обама жана Билл Клинтон да митингчилердин бутасы болду.

2122026
Нью  -  Йоркто Байденге Газа тууралуу нааразычылык билдирилди
abd new york biden gazze protesto.jpg

АКШнын президенти Жо Байденге 2024 -  жылдагы президенттик шайлоонун алкагында уюштурулган кайрымдуулук өнөктүгү үчүн Нью - Йоркто бир топ Палестина колдоочулары тарабынан нааразычылык көрсөтүлдү.

Нью - Йорктогу белгилүү демонстрация борбору Radio City Music Hall имаратынын алдына чогулган жүздөгөн жарандык активист Байдендин Газада карапайым калкты өлтүргөн Израилге колдоосуна каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү.

25 миллион доллар чогултуу максатында Демократ партиясы уюштурган багыш кечесине катышкан Байден менен бирге ага колдоо көрсөткөн мурдагы президенттерден Барак Обама жана Билл Клинтон да митингчилердин бутасы болду. 

Израилдин Газада жарандарды өлтүрүүнү улантуусу жана АКШнын аймакта туруктуу ок атышпоону колдобоосуна каршылык көрсөткөн митингчилер   «Геноцид Жо» жана «Палестина бошотулат, Байден муну көрөт» сыяктуу ураандар менен жүрүштү.

Палестина колдоочулары катуу коопсуздук чаралары көрүлгөн иш  -  чара аянтында Газада ок атышпоону талап кылып,2024 - жылдагы президенттик жарыштын алкагында алдыңкы шайлоо уланып жаткан Нью  -  Йоркто демократ шайлоочуларга үкөктө бош добуш берүүгө чакырышты. 

 

 



Тектеш кабарлар