Балалык жана өспүрүм курактагы кыймылсыз жашоо кан тамырлардын катууланышын күчөтөтөт

Англиянын Оксфорд, Бристоль жана Эксетер университеттери менен Чыгыш Финляндия университетинин илимпоздору биргелешип жүргүзгөн изилдөөдө 11 жаштан 24 жашка чейинки 1339 бала жана өспүрүм текшерилди.

2121232
Балалык жана өспүрүм курактагы кыймылсыз жашоо кан тамырлардын катууланышын күчөтөтөт

Балалык жана өспүрүм курактагы кыймылсыз жашоо кан тамырлардын катууланышын күчөтөөрү аныкталган.

Англиянын Оксфорд, Бристоль жана Эксетер университеттери менен Чыгыш Финляндия университетинин илимпоздору биргелешип жүргүзгөн изилдөөдө 11 жаштан 24 жашка чейинки 1339 бала жана өспүрүм текшерилди.

Анын алкагында 13 жыл бою 1339 адамдын кан тамырынын катуулугу мезгил-мезгили менен текшерилген.

Изилдөөдө окумуштуулар балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыймылсыздыгынын узактыгын күнүнө 6 сааттан 9 саатка чейин көбөйтүү артериялык катууланууну болжол менен 10 пайызга көбөйтөрүн аныкташкан.

Башка жагынан алып караганда, изилдөө карылык да артериялык катуулугун жогорулатат деп табылган жана бул болсо өспүрүмдөрдө жаш курактагы өлүм коркунучун 47 пайызга көбөйтүшү мүмкүн экени баса белгиленди.

Кошумчалай кетсек, изилдөө күнүнө кеминде 3 саат жеңил физикалык кыймылдарды жасоо кан тамырлардын катып калуу коркунучун азайтууга жардам берери айтылган.

Чыгыш Финляндия университетинин доктору Эндрю Агбаже: «Биздин изилдөөлөр бала кезиндеги кыймылсыздык ден-соолук үчүн ойлогондон да кооптуу экенин көрсөтүп турат»,-деп өз баасын берди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Acta Physiologica» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар