Германияда ПКК провокациясы

Жикчил террордук уюмдун жактоочулары кечээ кечинде Түркиянын Ганновердеги башкы консулдугунун имаратына таш жана таяк менен зыян келтирүүгө аракет кылышты.

2120960
Германияда ПКК провокациясы

Жикчил террордук уюм ПККнын Германиядагы провокациялары уланууда...

Жикчил террордук уюмдун жактоочулары кечээ кечинде Түркиянын Ганновердеги башкы консулдугунун имаратына таш жана таяк менен зыян келтирүүгө аракет кылышты.

Консулдук имаратынын терезелерин жана эшигин талкалоого аракет кылган жикчил уюмдун тарапкерлери ураандарды кыйкырып аймактан качып кетишти.

Окуядан кийин башкы консулдуктун имаратында жана анын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Түрк жетекчилери да немис органдары менен байланышып, кол салууга аракет кылгандарды табуу талабын коюшту.



Тектеш кабарлар