Франциядагы түрк коомуна кол салуу болду

Дин иштери Түрк-Ислам Биримдиги, түндөгү кол салуу тууралуу маалымат берди.

2120618
Франциядагы түрк коомуна кол салуу болду

Франциянын Мариньяна шаарында Дин иштери Түрк-Ислам Биримдигине (DİTİB) караштуу уюмга, колго жасалган күйүүчү жана жарылуучу заттар ыргытылып кол салуу болду.

DİTİB France Instagram баракчасынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, түндөгү кол салуу тууралуу маалымат берилди.

DİTİB Мариньяна Түрк маданият коомунун кире беришине белгисиз адамдар тарабынан колго жасалган күйүүчү жана жарылуучу заттардын ыргытылгандыгы айтылган билдирүүдө: «Франциядагы түрк коомчулугун бутага алган бул кол салууну айыптайбыз жана DİTİB Marignane Түрк маданият коомубузду колдойбуз. Рамазан айында биримдиктин жана ынтымактын борборуна айланган коомубузга жасалган бул кол салуунун максатына жетпегени кубандырат. Өлкөнүн тынчтыгына доо кетире турган аракеттерге каршы биримдикке, мындай чагымчыл окуяларга каршы акыл-эстүү болууга чакырабыз»,-деген сөздөр камтылды. 



Тектеш кабарлар