Балтимор шаарындагы Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү чоң кеменин урунушу менен  урады

X сайтында бөлүшүлгөн сүрөттөргө караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.30 чамасында чоң жүк ташуучу кеме көпүрөнүн колонналарынын бирине урунган.

2120521
Балтимор шаарындагы Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү чоң кеменин урунушу менен  урады

АКШнын Мэриленд штатында Балтимор шаарындагы Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү чоң кеменин урунушу менен  урады.

X сайтында бөлүшүлгөн сүрөттөргө караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.30 чамасында чоң жүк ташуучу кеме көпүрөнүн колонналарынын бирине урунган.

Урунуудан кийин кемеде өрт чыкты.

Болжол менен 2,57 километр узундуктагы көпүрөнүн бир бөлүгү катуу соккудан урап, көпүрөдөгү көптөгөн унаалар сокку учурунда сууга түшкөн.

Мэриленд транспорт департаментинин билдирүүсүндө, Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнө баруучу бардык жолдордун эки багытта тең кыймылга жабылганы билдирилди.

Жетекчилер издөө - куткаруу топторунун сууга түшкөнү болжолдонгон кеминде 7 кишини куткаруу иштерин улантып жатканын билдирди.

 



Тектеш кабарлар