Азиянын жаңы “миллиардер борбору” Мумбаи

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) өлкө миллиардерлери тизмесинде 800 миллиардер менен экинчи орунда турат.

2120192
Азиянын жаңы “миллиардер борбору” Мумбаи

Азиянын жаңы “миллиардер борбору” Индиянын Мумбаи шаары болду.

Баш кеңсеси Шанхайда жайгашкан Hurun изилдөө институтуна таянган Nikkei Asia басма сөз мекемесинин отчетуна караганда, Мумбаи 92 миллиардери менен Кытайдын борбор шаары Пекинди ашып өтүп, Азия континентиндеги эң көп миллиардер жашаган шаар болду.

Институттун отчетуна ылайык, Нью-Йоркто 119 миллиардер, Лондондо 97 миллиардер бар болсо, Мумбаи 92 миллиардер менен дүйнө боюнча да үчүнчү орунда турат.

Индиянын жалпысында 271 миллиардер катталып, Мумбаинин экономикасы 2023-жылы 7,5 пайызга өстү.

Өлкө негизинде жүргүзүлгөн баалоодо Кытай 814 миллиардер менен тизменин башында орун алса, бул сандын 2022-жылга салыштырмалуу 155ке азайганы байкалды.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) болсо өлкө миллиардерлери тизмесинде 800 миллиардер менен экинчи орунда турат.

Америкалык чип өндүрүүчү Nvidia компаниясынын башкы директору (CEO) Йенсен Хуанг 48 миллиард доллар менен тизменин алдыңкы 30уна кирсе, Google, Meta жана Microsoft ээлеринин байлыгында да "олуттуу өсүш" байкалды.

Технология тармагындагы байлыктын өсүшүнөн тышкары америкалык ырчы Тейлор Свифттин байлыгынын 1,2 миллиард долларга жеткени көңүлдү бурду.



Тектеш кабарлар