Израиль Газада дагы бир журналистти өлтүрдү

Өкмөттүн Газадагы басма сөз кызматы 23-марттагы билдирүүсүндө, Израилдин чабуулдары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 136 журналист каза болгонун маалымдаган.

2119824
Израиль Газада дагы бир журналистти өлтүрдү

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүнө кол салууларында, Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAда иштеген бир журналист каза болду.

WAFAда жарыяланган кабарда, агенттикте 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан Сахир Экрем Рейяндын Израилдин кол салуусунда каза тапкандыгы белгиленди. Ушул эле кол салууда палестиналык журналисттин уулу Энестин да каза болгондугу кабарланды.

Палестиналык журналист менен уулунун Газанын батыш тарабындагы Хайдар Абу аш-Шафи кесилишинде кээ бир жаралангандарды куткарууга аракет кылып жатканда каза тапканы маалымдалып, WAFAнын төрагасы Ахмед Асаф да көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Өкмөттүн Газадагы басма сөз кызматы 23-марттагы билдирүүсүндө, Израилдин чабуулдары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 136 журналист каза болгонун кабарлаган.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 32 миң 226 палестиналык, анын ичинде 14 миң 280 бала жана 9 миң 340 аял каза болуп, 74 миң 518 палестиналык жараланды.



Тектеш кабарлар