Израилдик туткун дары-дармек жана тамак-аштын жетишсиздигинен каза болду

Бул тууралуу маалымат Кассам бригадаларынын Telegram эсебинде жасалган билдирүүдө орун алды.

2119428
Израилдик туткун дары-дармек жана тамак-аштын жетишсиздигинен каза болду

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын ХАМАСтын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Газа тилкесинде камакта жаткан израилдик туткундун дары-дармек жана тамак-аш жетишсиздигинен улам каза болгонун жарыялады.

Кассам бригадаларынын Telegram эсебинде жасалган билдирүүдө, «Биз мурда эскерткендей душман туткундары биздин элибиз сыяктуу ачкачылыкты жана жокчулукту башынан кечирип жатышат. Алар, биздин эл сыяктуу эле, дары-дармек жана тамак-ашсыз азап чегип жатышат жана кээ бирлеринин жашоосуна оору коркунуч туудурат»,делди.

Жыйынтыгында израилдик туткундардын бири 34 жаштагы Ягев Бучштавдын дары-дармек жана тамак-аштын жетишсиздигинен улам каза болгондугу билдирилди.

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде, 8-марттагы билдирүүсүндө, Газадагы ачарчылыктан израилдик туткундардын да жабыр тартканын белгилеп: «Туткундардын көпчүлүгү жетишсиз тамактануу, суусуздук жана алсыздыктан кыйналууда. Дары-дармек жана тамак-аш жок болгондуктан, оорулары алардын өмүрүнө коркунуч келтире баштады. Алар да ачкачылыктан жапа чегип жатышат. Алардын айрымдары мурда түшүндүргөндөй, кол салууларда өмүрүнөн ажырады»,-деп айтты.

Израиль бийлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде 136га жакын израилдик туткун бар, алардын айрымдары тирүү, кээ бири өлүк. Кассам бригадасы Израилдин Газага кол салууларынан каза болгон израилдик туткундардын санынын 70тен ашканын жарыялады.



Тектеш кабарлар