Москвада концерттик залга жасалган кол салууда каза болгондордун саны 133кө жетти

Россиянын Тергөө комитети террордук кол салууларда  133 кишинин каза болгондугун билдирди.

2119230
Москвада концерттик залга жасалган кол салууда каза болгондордун саны  133кө  жетти

Россиянын борбор шаары Москвада кечээ концерттик залда болгон террордук кол салууда каза болгондордун саны 133кө жетип, 100дөн ашуун киши да жараланды.

Крокус Сити Холлдун концерттик залында кечки сааттарда теракт болду.

Россиянын Тергөө комитети террордук кол салууларда  133 кишинин каза болгондугун билдирди. 

Окуя болгон жерде эксперттер ишин улантууда. 

Билдирүүдө : "Террордук кол салууда  133 кишинин каза болгондугу аныкталды. Тилекке каршы каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн",- деп айтылды. 

Кол салуу менен байланыштуу 2 киши бир унаа менен качууга аракет кылып жатып Брянск жакындарында кармалды. 

Унаада бир тапанча автомат магазини жана паспорттор табылды. Орус чалгындоо кызматы  төртөөсү террорист болгон  11 кишини камакка алды.

Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды. 

Борбор шаар Москвада кечээ кечки сааттарда концерттик залга кирген куралчан 5 киши айланага ок аткан. 

Москвада жана айрым шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 

Москвада жуманын акырында элге ачык болгон бардык иш  - чаралар токтотулду. 

 



Тектеш кабарлар