Аксада 100 миң киши таравих намазын окуду

Израилдин оккупациясындагы Чыгыш Кудстагы Месжид  -  и Аксада рамазан айынын экинчи жумасы күнү кечинде 100 миң кишинин таравих намазын окугандыгы маалымдалды.

2119150
Аксада  100 миң киши таравих намазын окуду

Израилдин оккупациясындагы Чыгыш Кудста Месжид  -  и Аксада рамазан айынын экинчи жумасы күнү кечинде 100 миң кишинин таравих намазын окугандыгы маалымдалды. 

Месжид  -  и Аксанын башкаруусунан жооптуу Кудс Исламдык фонддор башкаруусу берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө   куптан жана таравих намазына  100 миң мусулмандын катышкандыгы белгиленди. 

Израиль полициясы 2023 -  жылдын  7 -  октябрынан кийин палесиналыктардын Месжид  -  и Аксага киришине уруксат берген эмес, жума намаздарына көптөгөн жумалардан бери  5 ми кишилик  жамаат бара алган. 

Израиль полициясы менен Месжид  -  и Аксага кирүүсүнө уруксат берилбеген палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыккан.  Израиль полициясы палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ жана тополоңго каршы унаалардан чачылган  суу менен кол салган.

Рамазан айынын келиши менен Израиль полициясы чектөөлөрдү жеңилдетүүсү менен  кечээ күнү 120 миң киши Месжид - и  Аксада жума намазын окушту.

2003 - жылы басып алынган Батыш Шериа менен Кудстун ортосунда курулган бетон дубалдын боюнда көп сандаган Израилдин аскердик көзөмөл пункттары бар.

Израиль атайын уруксаттардын тышында Батыш Шериадагы палестиналыктардын Кудска киришине уруксат бербейт. 

Чыгыш Кудс жана Батыш Шериа  1967  - жылдан бери Израилдин оккупациясында.

 



Тектеш кабарлар