Кытай атмосфера жана космостук чөйрөнү байкоо үчүн «Юнхай-2» спутниктеринин экинчи тобун учурду

Синьхуа маалымат агенттигинин билдиргенине караганда  «Юнхай-2» спутниктеринин экинчи тобу Цючуэн спутниктик борборунан «Лонг Марш-2D» ташуучу ракетасы менен учурулду.

2118880
Кытай атмосфера жана космостук чөйрөнү байкоо үчүн «Юнхай-2» спутниктеринин экинчи тобун учурду

Кытай атмосфералык жана космостук чөйрөнү байкоо үчүн колдонулган «Юнхай-2» спутниктеринин экинчи тобун космоско жөнөттү.

Синьхуа маалымат агенттигинин билдиргенине караганда  «Юнхай-2» спутниктеринин экинчи тобу Цючуэн спутниктик борборунан «Лонг Марш-2D» ташуучу ракетасы менен учурулду.

Учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияларына орношкону билдирилген спутниктердин атмосфера жана космос чөйрөсүн байкоо үчүн колдонула турганы белгиленди.

Учуруу Long March ракеталары менен аткарылган 513- ийгиликтүү транспорттук миссиясы болду.

Шанхай космостук технологиялар академиясы (SAST) тарабынан иштелип чыккан спутниктердин илимий изилдөө жана кырсыктарды алдын алуу максатында экени билдирилгени  белгиленсе да  кээ бир батыштык адистер спутниктердин метеорологиялык прогноздордо аскердик максатта колдонулушу үчүн иштелип чыкканын айтышууда.

"Юнхай - 2" спутниктеринин биирнчи тобун түзгөн  6 спутник  2018 -  жылы космоско учурулган. 

 



Тектеш кабарлар