Чадда чабандар менен дыйкандардын чырынан 42 адам каза болду

Өлкөнүн чыгышындагы Тилегей аймагында чабандар менен дыйкандардын ортосундагы тирешүүнүн кагылышууга айланганы белгиленди.

2118915
Чадда чабандар менен дыйкандардын чырынан 42 адам каза болду

Африка өлкөлөрүнүн бири Чадда чабан-дыйкан кагылышуусунан эки тараптан 42 адам каза болду.

Чад өкмөтүнүн билдирүүсүндө, өлкөнүн чыгышындагы Тилегей аймагында чабандар менен дыйкандардын ортосундагы тирешүүнүн кагылышууга айланганы белгиленди.

Билдирүүдө жайыт маселесинен келип чыккан чыр-чатактын кесепетинен 42 адамдын каза тапкандыгы кабарланды.

Жекшемби күнү башталган кагылышуулардын шаршембиге чейин уланганы, кагылышууга коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишкени жана 175 кишинин камакка алынганы айтылды.

Африканын кээ бир өлкөлөрүндө кургакчылыктан жана ички миграциянын айынан чабандар менен дыйкандардын ортосунда чыр-чатактар ​​чыгууда.



Тектеш кабарлар