Газа тилкесинде күн сайын 37 эне каза болууда

Кээ бир араб өлкөлөрүндө, анын ичинде Палестина менен Египетте 21-март "Энелер күнү" катары белгиленет.

2118470
Газа тилкесинде күн сайын 37 эне каза болууда

Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан күн сайын 37 эненин каза болгондугу билдирилди.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому 21-Март Энелер күнүнө карата билдирүүсүндө, Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын уланткан Газа тилкесинде каза болгон энелерге көңүл бурду.

Араб жана англис тилдериндеги билдирүүсүндө «Газа тилкесинде күн сайын 37 эне шейит болууда»,-деди.

Кээ бир араб өлкөлөрүндө, анын ичинде Палестина менен Египетте 21-март "Энелер күнү" катары белгиленет.

Израилдин 7-октябрдан бери улантып жаткан Газа тилкесине кол салууларында кеминде 14 миңи бала, 9 миң 220сы аял жалпы 31 миң 923 палестиналык каза болуп, 74 миң 96 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы деле миңдеген сөөктүн бар экени айтылууда.



Тектеш кабарлар