Доминиканда түрмөдө өрт: 11 адам каза болду
Борбор калаа Санто Домингодогу Ла Виктория улуттук түрмөсүндө белгисиз себеп менен өрт чыкты.
2118215
Доминикан Республикасында түрмөдөгү өрттүн кесепетинен 11 адам каза болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдагандай, борбор калаа Санто Домингодогу Ла Виктория улуттук түрмөсүндө белгисиз себеп менен өрт чыкты.
Өрттөн абакта жаткан 11 киши каза болуп, түтүндөн жабыркагандардын айрымдары ооруканага жеткирилди.
Башкы прокуратура окуя боюнча тергөө иштерин баштап, 300 кишинин башка абакка которулгандыгы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.