Жаңы Зеландия бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салат

Кастелло жашы жете элек балдарды электрондук тамеки колдонуудан алыс кармоону каалашкандарын жана бул үчүн жаңы түзөтүүнүн ишке ашырыла турганын айтты.

2117975
Жаңы Зеландия бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салат

Жаңы Зеландия бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерге тыюу салат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кейси Кастелло, жаштар арасында электрондук тамеки колдонуудагы өсүштүн үй-бүлөлөрдү, мугалимдерди жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин тынчсыздандырганын билдирди.

Кастелло жашы жете элек балдарды электрондук тамеки колдонуудан алыс кармоону каалашкандарын жана бул үчүн жаңы түзөтүүнүн ишке ашырыла турганын айтты.

Электрондук тамеки колдонууга тыюу салууну максат кылган жобо менен 18 жаштан кичүүлөргө электрондук тамеки саткан коммерциялык ишканалардын 60 миң долларга чейин айып пул төлөй турганы белгиленди.

Август айынан тарта электрондук тамекилерде балдар үчүн коопсуздук кулпусу милдеттүү болгон Жаңы Зеландияда продукциянын маркетингинде «пахта момпосуй» жана «кулпунай гүлдүү кекс» сыяктуу аттарды колдонууга да тыюу салынган.



Тектеш кабарлар