Пашинян өлкөсү менен Азербайжандын ортосундагы чек араны аныктоо иштеринин башталаарын билдирди

Армения өкмөтүнүн YouTube баракчасына жарыяланган видеого караганда, премьер-министр Никол Пашинян Азербайжан менен чек араны тактоо иштери жүргүзүлө турган айылдарды көрүп чыкты.

2117504
Пашинян өлкөсү менен Азербайжандын ортосундагы чек араны аныктоо иштеринин башталаарын билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү менен Азербайжандын ортосундагы чек араны аныктоо иштеринин иш жүзүндө башталаарын билдирди.

Армения өкмөтүнүн YouTube баракчасына жарыяланган видеого караганда, премьер-министр Никол Пашинян Азербайжан менен чек араны тактоо иштери жүргүзүлө турган айылдарды көрүп чыкты.

Пашинян Тавуш аймагындагы билдирүүсүндө: «Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араны аныктоо жана чийүү процесси актуалдуу фазага кирүүдө. Чек араны аныктоочу комиссиялар Армения Республикасынын чек арасы кайсы жерден башталаарын ошол жерге барып чечиши керек жана бул Армения Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара болушу керек»,-деп айтты.

Пашинян Армениянын чек араларында бир миллиметр да өзгөртүү мүмкүн эместигин белгилеп, бул үчүн конституцияга ылайык бардык элдин катышуусунда референдум өткөрүлүшү керек экенин белгиледи.

Чек аралар такталмайынча бири-бири менен атышуунун кадыресе көрүнүш экенин айткан Пашинян чек араны аныктоо аракеттерине каршы чыгуунун «кесепеттери болоорун» да белгиледи.



Тектеш кабарлар