ДССУ Газа тилкесинде адамдардын ачкачылыктан каза блуп жаткандыгын билдирди

Израиль 7 -  октябрдан бери кол салып жаткан Газада жашаган 2 миллион  300 миң  палестналыкты ачкачылыкка түртүүдө.

2117018
ДССУ Газа тилкесинде адамдардын ачкачылыктан каза блуп жаткандыгын билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газа тилкесинде адамдардын ачкачылыктан каза болуп жатканын билдирди.

Гебрейесус X социалдык медиа платформасында Израилдин катуу кол салуусу астындагы Газадагы ачарчылык жана алып келе турган коркунучтары тууралуу билдирүү жарыялады.

Газадагы ачкачылыктын «кыйратуучу» экендигин жана  убакыт маселеси экенин белгилеген Гебрейесус, мунун кыска жана узак мөөнөттө ден соолук үчүн кооптуу натыйжалары болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Гебрейесус 7 -  октябрга чейинки Газада калктын санына жете турганчалык азык  - түлүктүн бар экендигин жана жетерсиз тамактануунун  аз кездешкендигин белгиледи.

«Газада адамдар ачкачылыктан каза болууда, көптөгөн киши оорулуу. Дагы көп азык  - түлүктүн киришине ураксат берилбесе  1 миллиондон ашуун кишинин өмүрү корунучта»,- деген Гебрейесус бул абалды терсине айландыруунун бир гана жолу «тынчтык» экендигин айтты.

Израиль 7 -  октябрдан бери кол салып жаткан Газада жашаган 2 миллион  300 миң  палестналыкты ачкачылыкка түртүүдө.

Израилдин 7 -  октябрдан бери Газа тилкесинде ишке ашырган кол салууларында кеминде 13 миң 500ү бала, 9 миңи аял болгон 31 миң 726 палестиналык каза болуп, 73 миң 792 киши жараланды.



Тектеш кабарлар