Израилдик министрдин Газа тууралуу текеберлик сөздөрү

Эл баш калкалаган ооруканаларды жана билим берүү мекемелерин бутага алуу менен жарандык инфраструктураны талкалаган Израиль, Газада мечит, чиркөө сыяктуу жарандык курулуштарга да сокку уруу менен кыйратууну улантууда.

2116605
Израилдик министрдин Газа тууралуу текеберлик сөздөрү

Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрих өлкөсү 7-октябрдан бери он миңдеген тонна бомба таштап, ооруканалар, мектептер, мечиттер жана чиркөөлөр сыяктуу көптөгөн жарандык конуштарды талкалаган «Газаны кайра куруунун чыгымы алардын көйгөйү эмес экендигин» билдирди.

Эл баш калкалаган ооруканаларды жана билим берүү мекемелерин бутага алуу менен жарандык инфраструктураны талкалаган Израиль, Газада мечит, чиркөө сыяктуу жарандык курулуштарга да сокку уруу менен кыйратууну улантууда.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин 29-февралдагы жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Израиль армиясы 7-октябрдан бери 70 миң тоннадан ашуун жардыруучу зат менен Газага кол салды.

Буга ылайык Израиль кол салууларында 70 миң үйдү толугу менен талкалап, жалпысынан 290 миң үйдү жашоого жараксыз абалга келтирди. Кол салууларда 160 мамлекеттик мекеме, 100 мектеп жана университет талкаланып, 305 мектеп жана университет зыянга учурады.

Израиль армиясы Газада 281 мечитке зыян келтирип, алардын 211ин толугу менен кулатты, 3 чиркөөнү бутага алып, талкалады. Газадагы 154 саламаттык сактоо мекемесин бутага алган жана көптөгөн ооруканаларды иштен чыгарган Израиль Газада 200 тарыхый жана маданий байлыкты да жок кылды.

Израилдин каржы министри Смотрих өлкөсү кылган кыйроо үчүн жоопкерчиликти алган жок.

Смотрих Израилдин армиясынын радиосуна сүйлөп жатып: «Газаны оңдоонун чыгымы менин көйгөйүм эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар