Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесинде 164 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2116790
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери жардамдардын Газа тилкесине кирүүсүнө тоскоол болуп ачарчылыкка алып келген Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 81ге көбөйүп 31 миң 726га жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде 164 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине кол салууларында акыркы 24 саатта дагы 81 палестиналыктын каза болгону, 116 палестиналыктын болсо жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 31 миң 726га, жаралуулардын саны 73 миң 792ге жеткени кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экенин, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганын маалымдады.



Тектеш кабарлар