Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Серимдин Болгария сапары

Болгарияга эки күндүк сапар менен барган тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим борбор шаар София, Пловдив жана Кыржалиде жолугушууларды өткөрдү.

2116240
Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Серимдин Болгария сапары
serim bulgaristan.jpg
yasin-ekrem-serim-bulgaristan.jpg

Болгарияга эки күндүк сапар менен барган тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим борбор шаар София, Пловдив жана Кыржаалиде жолугушууларды өткөрдү.

Серим Болгариянын тышкы иштер министри Ирена Димитрова менен жолугушуп эки тараптуу карым-катнаштарга  баа бергенден кийин   Пловдивге барды.

Серим Пловдивдеги тарыхый Жумая мечитин зыярат кылып, Пловдив облустук муфтияты менен жолугушуу өткөрдү. Серим бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Бул чөйрөдө тектештерибиздин өз күбөлүктөрүн, диндерин  жашашы жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгү биз үчүн бакыт",- деди. 

Серим Болгариянын ыраазычылык билдирүүгө татыктуу экенин белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Серим Пловдивде Болгарияда иш алып барган түрк ишкерлери менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 6,3 миллиард долларга жеткенине көңүл бурган Серим, муну 10 миллиард долларга чыгарууну каалагандарын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы жакын карым  - катнаштардын алкагында президент Режеп Таййип Эрдогандын Болгария сапарынын күн тартибинде экендигин айткан Серим : "Бул сапар менен Жогорку деңгээлдеги ишкерлер кеңешинин жыйынынын өткөрүлүшү жана Болгария менен эки тараптуу карым  - катнаштарыбыз бардык тарабы менен каралышы күтүлүүдө",- деди. 

Тышкы иштер министринин орун басары Серим түрктөр жана мусулмандар көп жашаган Кыржаалы шаарына барып, Муфтият тарабынан уюштурулган ифтар программасына катышты.

Серим бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө болуп жаткан согуштар, кагылышуулар жана баш аламандыктар коомчулуктар аралык тилектештик, өз ара сабырдуулук жана ынтымак маданиятына болгон муктаждыктын чоң экендигин көрсөтүүдө. Палестиналык боордошторубуздун тартка кыйынчылыгы баарыбызды түйшөлтүүдө. Батыштык өлкөлөр бул адамзаттык трагедияга көңүл бурбай жатат. Ушул себептен бул жерден дагы бир жолу айткым келет Түркия жана түрк калкы палестиналык боордошторунун жанында. Төгүлгөн кандын токтошу, Газада болгон кризиске эл аралык коомчулуктун үнсүз калбашы жана палестиналык боордошторубузга жардам жеткирүү үчүн бардык платформаларда болгон күчүбүз менен аракет кылуудабыз",- деди. 

Серим Кыржаалиде аймактык  муфтияттыгына зыярат кылуу менен Болгария сапарын аяктады. 

 



Тектеш кабарлар