Россия - Украина согушунда кагылышуулар күчөп баратат

Одессага жасалган ракеталык кол салууда 14 адам каза болуп, 46 киши жараланды.

2116087
Россия  -  Украина согушунда кагылышуулар күчөп баратат

Россия  Украинанын көптөгөн шаарларына сокку урду. Борбор шаар Киевге учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасалды.

Одессага жасалган ракеталык кол салууда 14 адам каза болуп, 46 киши жараланды.

Винница шаарында да имарат атылды. Уранды астында кеминде эки адам каза болгон.

Россиянын коргоо министрлиги чек арадагы Курск жана Белгород шаарларына кирүүгө аракет кылган украин күчтөрүнө бөгөт коюлганын жарыялады.

Орус чалгындоо кызматы Белгороддо диверсияга даярданган орус жараны кармалганын билдирди.

Киев Россиянын маанилүү объектилерине да чабуул жасоодо.

Акыркы болуп Калугадагы нефть  рафинериясынын учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынгандыгы билдирилди.  Объектинин чыгымга учурагандыгы айтылууда. 

Украина  күчтөрүн буга чейин Россиянын көзөмөлүнө өткөн Авдийевкага багыттоодо.

Европа Биримдиги Тышкы иштер жана саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Россиянын жай айларында  Украинага масштабдуу чабуул коюшу мүмкүн экенин билдирди. Согуштун натыйжасынын да ошол эле мезгилде белгиленерин айтты. 

2022-жылдын 24-февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйругун берип, Россия  - Украина согушу башталды. 

Путин Киевдин НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Россиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.

 

 

 



Тектеш кабарлар