80 миң палестиналык Месжид - и Аксада намаз окуду
Месжид - и Аксанын имамы Хатиби Шейх Икриме Сабри жума кутбасында Израилдин чектөөлөрүнө карабастан Аксага баргандардан мактоо менен сөз кылды.
Израилдин чыгарган кыйынчылыктарына жана тоскоолдуктарына карабастан 80 миң палестиналык рамазан айынын биринчи жума намазын Месжид - и Аксада окуду.
Он миңдеген палестиналык таң эртеден баштап Батыш Шериа менен Кудустун ортосундагы аскердик көзөмөл пункттарынан өтүп, Аксаны көздөй бет алды. Көптөгөн саатка созулган сапардан кийин Месжид - и Аксага барган палестиналыктар рамазан айынын биринчи жума намазын бул жерде окушту.
Месжид - и Аксанын имамы Хатиби Шейх Икриме Сабри жума кутбасында Израилдин чектөөлөрүнө карабастан Аксага баргандардан мактоо менен сөз кылды.
Сабри мусулмандарга Месжид - и Аксага келүү чакыруусун кайталады.
Жума намазын окуу үчүн Месжид - и Аксага кирүүнү каалаган палестиналыктардын күбөлүктөрүн текшерген Израиль полициясы көп сандаган палестиналыкты өзгөчө да белгилүү жаш тобундагы кишилерди кайра кайтарды.
Чыгыш Кудс жана Батыш Шериа 1967 - жылдан бери Израилдин оккупациясы астында.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.