Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 160 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2115394
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери элди ачка жана суусуз калтырып, гуманитардык апаатка алып келген Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 69га көбөйүп 31 миң 341ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 160 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта дагы 69 палестиналыкты өлтүргөнү маалымдалган билдирүүдө, Газада каза болгондордун санынын 31 миң 341ге жеткени белгиленди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 110 палестиналыкты жарадар кылганы жана Газа тилкесинде жаралангандардын жалпы санынын 73 миң 134кө жеткени кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганын айтты.



Тектеш кабарлар